Жанар Акаев: «Эмиль Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылды»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Эмиль Жамгырчиевдин кармалышы боюнча сөз сүйлөдү.

«Чыңгыз Айдарбеков менен Эмиль Жамгырчиев Кыргызстандан Казакстанга өтүп жаткан жеринен Жамгырчиевди мыйзамды, Конституцияны бузуу менен күч органдары кармап, аны Бишкек шаарына жеткирген. Анын чет өлкөгө чыгууга болгон укугу бузулду. Биз муну анын Кемпир-Абад боюнча келишимге «каршы» берген добушу менен байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан үн жаздыруучу аппараттар табылган. Болуп өткөн окуя боюнча күч органдарынын жетекчилери мага жана Жогорку Кеңештин төрагасына толук маалымат берип коёт деген ишенимдемин», — дейт Жанар Акаев.

Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков — «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү. 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбооруна каршы добуш беришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты