Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип Турсунтай Салимовдун уулу кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторду каржылагандарга жана кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо) боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында,  «Мадина» соода борборунун негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун  уулу С.И.Т. жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы С.К.А. ны кармады.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча айып тагылып, алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, И.С.,  Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) кылмыштуу ишмердигин жана ишкерлерден акча опузалагандыгын алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), анын ичинде К. Асанбектин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган.

Аны менен бирге «Мадина» соода комплексинин коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да К.Асанбектин кылмыштуу ишмердүүлүгүн жана кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап, мыйзамсыз өндүрүп алуу жолу менен акча каражаттарын алганын билип туруп тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

К.С. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, ал К.Асанбектин квотасы боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген.

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип Турсунтай Салимовдун уулу кармалды

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен абактан 22-мартта бошотулду.

Турсунтай Салимов мындан алты ай мурда кармалган. Турсунтай Салимов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) ишине байланыштуу кармалган 20 адамдын бири экенин 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты