УКМК ишкер Салимов Көлбаевди такай каржылап жүргөнүн билдирди

  • 7 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) ишине байланыштуу кармалган 20 адамдын бири экенин 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 4-октябрда кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу», «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Кылмыш жасоого аракеттенүү» беренелеринин негизинде иш козголуп, «Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү» кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон жана алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн.

9-октябрда Салимовго «Уюшкан топко катышуу» деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарды.

Ал ден соолугу начарлап, азыркы тапта ооруканада дарыланууда. Кечээ сот жараяны жүрүп жаткан маалда Салимовдун кан басымы көтөрүлүп, аны «Тез жардам» алып кеткен.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты болгон.

Бишкектеги «Мадина» базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты