Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалды

  • 7 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалды.

Ишкер Турсунтай Салимовдун 7-октябрда кечинде кармалганын “Азаттыкка” анын өкүлү Нурлан Ибраимов билдирди.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарынын маалыматы боюнча, Салимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин жазып чыгышты. Маалыматтарда Турсунтай Салимов 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” деген берене боюнча шектелгенин билдиришти.  

Салимовдун өкүлү анын криминалдык чөйрө менен эч кандай байланышы жоктугун жана Камчы Көлбаевдин кудасы деген маалыматтар чынлыкка дал келбесин ЖМКга билдирди.

Бул боюнча күч органдары расмий маалымат бере элек.

Турсунтай Салимов 1993-2010-жылдары “Мадина” жоопкерчилигин чектелген коомунун директору болгон. 2010-жылы СДПК фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Бюджет жана каржы парламенттик комитетинин мүчөсү болгон.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты