«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө кепилдиги менен камактан бошотулду

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулду.

Ал Октябрь райондук сотунун чечими менен 22-мартта чыккан.

Турсунтай Салимов мындан алты ай мурда кармалган. Турсунтай Салимов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) ишине байланыштуу кармалган 20 адамдын бири экенин 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, 4-октябрда кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу», «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Кылмыш жасоого аракеттенүү» беренелеринин негизинде иш козголуп, «Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү» кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон жана алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн.

2023-жылы 9-октябрда Салимовго «Уюшкан топко катышуу» деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны өткөн жылы 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган. Ушул жылы февраль айынын башында Октябрь райондук соту Салимовдун камактагы кармоо мөөнөтүн 4-апрелге чейин узарткан.

Турсунтай Салимов 1993-2010-жылдары “Мадина” жоопкерчилигин чектелген коомунун директору болгон. 2010-жылы СДПК фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Бюджет жана каржы парламенттик комитетинин мүчөсү болгон.   

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты