Токтошев: «Адахан Кимсанбаевичти коркунучтуу кылмышкер катары кармабай эле, чакырса өзү деле бармак»

  • 8 месяцев мурун

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев фракция лидери Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча Фейсбук баракчасында пикирин билдирди.

-2-сентябрь күнү сейилдеп жүргөн жеринен Адахан Кимсанбаевичти кармап кетишип, 2 айга камакка алынды. Адахан Кимсанбаевичти коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай эле, телефон менен чакырса өзү деле бармак. Ал киши өз мойнуна жоопкерчиликти алып, жооп бергенден эч жакка качмак эмес. Бардык териштирүү иштери мыйзам чегинде болуусу шарт.

Коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттик бийликтин бекемделишине сын-пикир чоң жардам берип келген. Талаш-тартышсыз чындык да болбойт. Дүйнөдө, геосаясатта жер талашуу, басып алуу, үстөмдүк кылуу, экономикалык жактан алсыратуу сыяктуу өзгөрүүлөр болуп жатканда, мамлекет катары, өлкөнүн бүтүндүгү, келечеги үчүн бир муштумдай биригишибиз абзел,- деди депутат Токтошевв.

Депутат ошондой эле Жогорку Кеңеште башкы прокурор Мадумаровго кызмат абалынан аша чабуу беренеси боюнча тергөө иштерин жүргүзүүгө уруксат сураганын жана көпчүлүк добуш менен макулдук алынганын кошумчалады,

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча аны жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон.

31-майда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты