Депутат Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу ЖК күн тартибине киргизилди  

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизди.  

Адахан Мадумаров кандай маселе боюнча кылмыш жоопкерчлигине тартуу сунушу киргизилгенине кызыгып, бул “чагылгандай жаңылык” болуп жатканын кабарлады.

Төрага Шакиев бул күн тартибине киргизилгенден кийин айтыларын билдирди. Негизинен эки маселе боюнча — кылмыш-жаза кодексинин 36 жана 278-беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү башкы прокурор Курманкул Зулушев сунуштаганын айтты.

Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча парламенттик комиссия түздү.

Адахан Мадумаров казино уюштурууга каршы, ал жетектеген «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Министрлер кабинетинин пенсия жана жөлөкпулдун жашоо минимумунан аз болуп жатканына каршы пикирин билдирип, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылган.

Депутат Адахан Мадумаровдун «ПолитКлиникан» медиасынын Тет-а-Тет берүүсүнө берген маеги бул шилтемеде.  

Сүрөт: kenesh.kg 

   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты