Депутат Адахан Мадумаров кармалганы айтылууда

  • 8 месяцев мурун

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кармалганы айтылууда. Бул тууралуу «Кактус Медиа» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, депутатты бүгүн, 2-сентябрдын таңында Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен. Учурда ал ИИМдин Тергөө башкармалыгында экени кабарланды.

Азырынча Мадумаров кайсы иш боюнча кармалганы белгисиз.

ИИМ бул боюнча комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты