Парламент депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Бүгүн, 22-июнда, Жогорку Кеңеште депутаттар Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун жабык карады.  

Парламент Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Чечимди 61 депутат колдоду, 17 депутат каршы болду.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча аны жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон.

31-майда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Убактылуу депутаттык комиссия “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу корутунду чыгарган.

31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн  депутаттык комиссия түзүү маселеси каралып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты