Укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлык акысы, күч түзүм ардагерлеринин пенсиясы жогорулатылат

2026-жылдын декабрь айынан тартып укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулатылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы №299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди. Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго жогорулатылып, ошол эле учурда укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү үстөк акылар азайтылат.

Кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын ай сайын акчалай камсыздоосунун өлчөмү кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша өзгөрөт.

Тактап айтканда, кызматка биринчи жолу кабыл алынган, кызмат өтөгөн жылдары жок, атайын алгачкы наам жана кызматтык маалыматтар менен иштегендиги үчүн үстөк акы албаган кызматкердин айлык акысы кеминде 4 миң сомго көбөйөт.

Пенсиялык компенсация алууга жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары бар кызматкерлердин акчалай камсыздоосу кызматына жана кызмат өтөгөн жылдарына жараша 10 миң сомдон ашык өлчөмдө жогорулатылат.

Мындан тышкары эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражат, кызматтан бошотуу жөлөкпул жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү да көбөйөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиялары тиешелүү түрдө жогорулатылып, көбөйүү өлчөмү 10 миң сомго чейин жетет.

Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты