Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин камакка алынды

  • 8 месяцев мурун

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 2-сентябрда кабыл алды.

Буга чейин Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирген. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу. Соттун имаратын милиция кызматкерлери катуу кайтарууга алып, тарапташтарын жана журналисттерди сырткы тосмосуна жакындаткан жок.

Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери 2-сентябрдын таңында кармап кеткени белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты