ТИМ:  Тажик министринин орун басарынын билдирүүсү чындыкка жана дипломатиялык этика талаптарына туура келбейт

  • 2 года мурун

Тышкы иштер министрлиги 19-сентябрдагы Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифингинде берген маалыматы чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербесин билдирди.

“Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбостон айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербейт. Чындыкка дал келбеген, бурмаланган жана жалган маалыматтардын жыйындысы болгон ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр ырастоону талап кылбаган бүтүм катары берилүүдө” деп айтылат КР тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.  

Ошону менен бирге, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын куралдуу күч колдонуу менен басып алууга негиз болбош керектиги белгиленди.

Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабастан, Тажикстандын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргыз Республикасына каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынна 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти  

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты