Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Айбек Дайырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-сентябрда кол койду.
Айбек Дайырбеков — кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык кинофестивалдардын лауреаты. «Дарак ыры», «Эрмен жыты», «Кайык», «Ай бала», «Жамгыр алдындагы үчөө», «Таң алдында», «Амантай менен Айтуяк» жана башка тасмалардын режиссеру.
Анын тасмалары Германия, Россия, Бразилия, Бангладеш, Испания, Армения жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, бир катар башкы сыйлыктарга ээ болгон.
Сүрөттө: Айбек Дайырбеков. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




