Эр-Рияддагы соккуда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
- 9 часов мурун
- Жаңылыктар
Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарындагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.
Министрлик бул өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан кармануу сунушталды.
Кошумча маалымат же консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Кыргызстандын Сауд Арабия падышалыгындагы элчилигине +966 58 376 9945 жана +966 11 229 32 72 телефондору аркылуу, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине +996 999 312 002 телефону боюнча кайрылса болот.
Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко 11-октябрда экинчи жолу сокку урулуп, дагы бир адам каза болуп,11 адам жаракат алды. Биринчи соккуда кеминде 13 адам каза болуп, 300дөн ашык киши жараат алганы кабарланган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




