ТИМ: Москвада апасы депортацияланып, жаш бала ооруканада калганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россияда баласы ооруканада жатканда апасы өлкөдөн чыгарылды, баласы жалгыз калды деп, социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.
“Аталган бала ден соолугуна байланыштуу (суу чечек менен ооруган) Москва шаарындагы «Алтуфьево» балдарды реабилитациялоо борборунан инфекциялык ооруканага жеткирилип, 11-августта ооруканадан чыгарылган. Баланын ден соолугу жакшы жана ал аталган реабилитациялоо борборунда өзүнүн агасы жана эжеси менен бирге болууда. Россиядагы элчилик Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү менен бирге балдарды Кыргызстанга тез арада жөнөтүү жана аларды мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүп берүү маселесин иштеп жатат” деп айтылат маалыматта.
Маселе министрликтин көзөмөлүндө экени белгиленди.
Социалдык тармактарда Москвада 5 жаштагы баласы ооруканага алынганда, аны караган апасы аптекага чыкканда полиция тарабынан кармалып, Сахарово борборуна алынгандыгы, баласы ооруканада жалгыз, кароосуз калгандыгы тууралуу видеотасма тараган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




