Тергөө абагындагы Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотту
- 3 месяца мурун
Тергөө абагындагы Имамидин Ташов 18-декабрдан тартып ачкачылыкты токтотуу боюнча абак мекеме жетекчилигине арыз жазды.
Бул тууралуу кыйноолорду алдын алуунун улуттук борбору билдирди.
Сайтында аталган борбор Ташовдун ачкачылыктан баш тартуу боюнча арызын жарыялады.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча сот отуруму 24-декабрь күнгө, саат 14:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирди.
Имамидин Ташовдун соту 17-декабрда болмок. Бирок ал өзүнө өзү кол салып, ооруканага түшкөндүгү маалым болгон. Имамидин Ташовдун тергөө абагында өзүнө дагы кол салгандан кийин, Мамбет Мамакеев атындагы хирургия борборуна алып барып, жаракат алган ичин тигип, кайра Бишкектеги №1 тергөө абак жайына алып кетишти.
Имамидин Ташов ачкачылык кармап жатканын анын апасы Сайыпжамал Абдукайымова басма сөз жыйынында билдирди.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.
6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.
Сүрөт: Интернет булактарынан