Кипрде бычактан жарат алган жарандын абалы оор бойдон калууда

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранына Кипрде кол салууга кабылган Ж.А.нын абалы боюнча маалымат берди.  

Жооптуу дарыгердин маалыматына ылайык, Ж.А.нын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Жабырлануучу мезгил-мезгили менен эсине келип, медициналык адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда.

Жарандын жакын тууганы Кипрге келип, жабырлануучунун жанында болуп, зарыл болгон колдоо көрсөтүүдө.

Элчилик жабырлануучунун жакындары, медициналык адистер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта.

Ошону менен катар, кол салган адам эсине келгендиги маалымдалат. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп,бөгөт чара маселеси чечилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кипр Түрк Республикасында Ж.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны бычактан жаракат алганы тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү жасады.

Маалыматта айтылгандай, 3-августта аталган жаран Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде кол салуунун негизинде бычактан жаракат алган. Жабырлануучу шашылыш ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты