Имамидин Ташов: “Апа, ыйлаба! Мен сен уяла турган эч нерсе жасаган жокмун”

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 17-июлда, Бишкек шаардык сотунда ишкер Имамидин Ташовдун  соттук иши улантылууда. Имамидин Ташов сотто акыркы сөзүн айтты. Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешме залына кетти.

Имадмидин Ташовдун соттогу акыркы сөзүн анын адвокаты Асел Аргымбаева Фейсбук баракчасына жарыялады.

Имамидин Ташов соттогу акыркы сөзүндө мындай деди:

Мен соттон ырайым сурабайм. Ырайымды күнөөлү адамдар сурашат. Мен бир гана нерсени – адилеттүүлүктү сурайм,-деди Имамидин Ташов.

-Мен сот жараянынын жүрүшүндө көп нерселерди жоготтум. Бирок эч ким адамдан тартып ала албаган нерселер бар. Алар – ар намыс, кадыр-барк,  абийир жана адилеттүүлүккө болгон ишеним. Мен аларды сактап калдым жана сот кандай чечим чыгарбасын, мындан кийин сактап калам, -деди ишкер Ташов.

Ошондой эле ал апасына кайрылды:   

-Апа, ыйлаба! Мунун баары көтөрүү сен үчүн кандай оор болуп жатканын билем. Бирок сенден бир гана нерсени суранам – ыйлаба! Мен сен уяла турган эч нерсе кылган жокмун. Мен абийириме каршы барган жокмун, ишенимдеримен баш тарткан жокмун жана адамдык кадыр-баркымды жоготкон жокмун. Баары өтөт, бул да өтөт. Чындык өзүнө жолду эң оор сыноолор аркылуу ачат. Бирок ал сөзсүз өз жолун табат, -деди Имамидин Ташов сотто.    

Имамидин Ташов: “Апа, ыйлаба! Мен сен уяла турган эч нерсе жасаган жокмун”

Имамидин Ташов 2024-жылы УКМК тарабынан “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлуп, кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны тогуз жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.

Сүрөт: Мурдагы сот отурумдарынан. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты