РФ Wildberries`теги өрт: Кыргызстан жараны ооруканага түшкөн, экөө документинен айрылган
- 3 недели мурун
Россиянын Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries-Russ компаниясындагы өрттөн каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары бар экендиги тууралуу расмий тастыкталган маалымат жок. Жеңил жаракат алган Кыргыз Республикасынын 2005-жылы туулган жараны Ж. уулу А. жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган, анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
ТИМ маалыматында айтылгандай, буга чейин элчиликке аталган кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген Кыргыз Республикасынын 2005-жылы туулган О.А.аттуу жараны дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, ал эми телефону өчүк болгонун билдирген.
Ошондой эле элчиликке эвакуацияланып чыгууга үлгүргөн, бирок документтеринен жана жеке буюмдарынан ажыраган Кыргыз Республикасынын эки жараны кайрылган, аларга Мекенге кайтуу күбөлүгү берилди.
18-июлда Россиянын Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык объектилери учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылып, анын кесепетинен эки кампа комплекстеринде тең өрт чыккан.
Россиянын ЖМКларынын маалыматына ылайык, өрт өчүрүлгөн. Эки объектте тең кызматкерлер ыкчам эвакуацияланган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Электросталь шаарында 45 киши жабыркап, бирөө каза болгон, Котовск шаарында жетөө каза болуп, 32 киши жабыркаган. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Россиянын компетенттүү органдардын маалыматына ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын айрымдарынын жарандыгы такталууда, анткени көпчүлүгүнүн документтери өрттөнүп кеткен.
Кыргыз Республикасынын элчилиги Россиянын компетенттүү органдары менен байланышта болуп, ошондой эле мекендештердин топтору жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аркылуу жабыркашы мумкун болгон жарандарды тактоо иштерин улантууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан




