Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 30-апрелде “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу 24kg агенттиги өз булактарына таянып, кабарлады жана шаардык сот бул кабарды тастыктады.  

Теңгиз Бөлтүрүк үй камагында болот.  

Буга чейин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-мартына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине башкаруучу болуп бекитилген. Ошол эле учурда ал “Кумтөрдөн” айлык акы алып турган.  2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Бөлтүрүк 110, 7 миң доллар сый акы алгандыгы Эсеп палатасынын отчетунда айтылат.  

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсеп палатасы аудитинде манипуляцияга, фактыларды бурмалоого жол бергенин билдирген..

Эсеп палатасы 3-февралда “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында убактылуу камакка алынган.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты