Эсеп палатасы: «Кумтөр» «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн доллар короткон

  • 1 год мурун

«Кумтөр» компаниясы 2022-жылдын январынан июнуна чейин «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткон. Бул тууралуу Эсеп палатасынын аталган ишкананын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки ишмердиги боюнча жүргүзгөн аудиттик отчетунда айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, бул каражаттын басымдуу бөлүгү — 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн.

Эсеп палатасы «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоого байланыштуу чечимдердин бардыгын Тенгиз Бөлтүрүк кабыл алганын, долбоорлор ишке ашпай калгандыктан Кумтөрдүн жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» чыгымга учураганын белгилеген.

«Кумтөр» компаниясынын эсебинен «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук компаниясы түзүлгөндөн тартып каржыланганы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Уставынын 2-беренеси, 1-пунктуна дал келбейт. «Кумтөр» компаниясынын башкы максаты өз ишмердигинен максималдуу киреше табуу, тактап айтканда, геологиялык чалгындоолор, кен чыккан жерлердин техника-экономикалык баалоосу, кен казуу, маркетинг жана алтын сатуу болуп саналат», — деп жазылган отчетто.

Жер казынасын пайдаланууга жана экономика тармагында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому мындан бир жыл мурда түзүлгөн. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКынын түзүүчүсү – Кыргызстандын финансы министрлиги жана компания толугу менен мамлекетке карай турганы белгиленген.

Компаниянын уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. Маалыматта 2022-жылы аталган сумманы 1 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканы айтылат.

Холдинг ачылганда амбициялуу пландарды камтып, кен казуудан баштап гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Долбоорлордун арасында Ысык-Көлдө цемент заводун куруу, жылына 5 миллион тонна көмүр казууга мүмкүн болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин казуу, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу каралган.

Улуттук холдингдин башчысы болуп “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ошол убактагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирип, президенттин катышуусунда 282 миллион доллардан турган бюджети бекитилгенин айткан.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

Теңгиз Бөлтүрүк «коррупциялык иштерди мага шылтоо негизсиз» деп айтып келет.          

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты