Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча ЕБ “кара тизмесинен” чыгарылды

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине учууларга тыюу салынган аба аркылуу ташуучулардын тизмесинен чыгарылды. 

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, “Европа Комиссиясынын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын билдирүүсүндө маалымдалгандай, Кыргызстанда тастыкталган бардык аба аркылуу ташуучулар ЕБге учууларга тыюу салынган авиаташуучулардын тизмесинен чыгарылды.  Чечим ЕБдин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынынын жыйынтыгы менен кабыл алынды жана ал Европа Комиссиясынын тиешелүү Регламенти менен таризделет”. 

Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турган. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты