Эсеп палатасынын отчету: Тенгиз Бөлтүрүк канча маяна алган?

  • 1 год мурун

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компани” акционердик коомунун финансылык ишмердигин текшерүүгө алган. Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Тенгиз Бөлтүрүк кызматкерлерлин санын көбөйтүп жана өзүнө мыйзамсыз айлык акы жана сый акы чегерген.

Андагы отчетко ылайык, 2021-жылы аталган компанияда 2926 киши иштеген. Анын 166сы административдик-жетекчи кызматкер болгон.

2022-жылдын 1-апрелинен тартып, Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдү” башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин жетекчиси катары жаңы штаттык расписание киргизген. Ага ылайык, жаңы штатта 4028 кызматкер иштеген, башкача айтканда, мурункудан 37%га көп болгон.

2022-жылдын 17-майында Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд компанинин” башкаруучусуна, башкача айтканда өзүнө сый акы жазган. Сый акы бир айлык маянага барабар. 2021-жылы бул кызматтагы Деон Баденхорст айына 36,7 миң доллар маяна алып турган.  Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөндөй, Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматта өзүнө 40 миң доллар айлык акы белгилеген.

Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейинки сый акысы 473,2 миң доллар болгон.

2021-жылдын 21-декабрында Тенгиз Бөлтүрүк өзүнө 55 миң доллар сый акы белгилеген.

2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине башкаруучу болуп бекитилген. Ошол эле учурда ал “Кумтөрдөн” айлык акы алып турган.  2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Бөлтүрүк 110, 7 миң доллар сый акы алган. 

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсеп палатасы аудитинде манипуляцияга, фактыларды бурмалоого жол бергенин билдирди.
“Эсеп палатасынын отчету коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Теңгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган. Отчет сабатсыздыкты айгинелейт жана укук коргоо органдарынын материалдык чыгымды аныктоого байланыштуу бардык дооматтарын канааттандырууга жол ачат. Эсеп палатасынын мындай материалдары кандай гана бийлик болбосун, аларды өз кызыкчылыгы үчүн, учурдагы кырдаалга жараша жана керектүү жыйынтык алууга пайдаланса болот деген ой калтырат. Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин кайсы бир багытта (күйүүчү май, азык-түлүк, тетиктерди сатып алуу) эмес, комплекстүү караш керек. Ишкананын 2021-жылдагы таза кирешеси бардык салыктар төлөнгөндөн кийин 233,2 миллион доллар болгон. Ал эми 2022-жылдын алты айында 152,5 миллион долларды түзгөн. Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жок жана бул жагдайды биз кайсы гана сотто болбосун, далилдей алабыз,-деп жазган Абакиров.

Эсеп палатасы 3-февралда “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында убактылуу камакка алынган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты