Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр” компаниясынын жетекчилик кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

«Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. 

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды. 

Буга байланыштуу, «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди. 

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды. 

Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды. 

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ички иштер министрлигинин, эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганы маалымдалды.

Бүгүнкү күнү кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылары, быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынары белгиленди.

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде, Президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Сүрөттө: Теңгиз Бөлтүрүк. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты