Фарид Ниязовго ырайым берилип, абактан чыгарылды
- 1 неделя мурун
Президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго ырайым берип, абактан чыгарылды.
Фарид Ниязов Кой-Таш окуясы боюнча 2019-жылдын 8-август айынан бери абакта жаткан.
2020-жылы октябрь окуясынан кийин Фарид Ниязов бир катар адамдар менен катар абактан чыгып, бирок кайра кармалган. 2020-жылы 9-октябрда массалык баш-аламандыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.
Фарид Ниязовду ИИМ башкы тергөө башкармалыгы Кой-Ташта атайын отряд жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча айыпка шектүү деп тапкан.
2025-жылы 3-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Фарид Ниязовду 7 жыл 8 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




