Теңгиз Бөлтүрүк дагы эки айга камакта калтырылды

  • 1 год мурун

“Кумтөр Голд Компани”  жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы узартылды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-мартына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды.

Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты