Президенттин экс-кеңешчиси Жаныбек Кубандыков үй камагына чыгарылды

  • 1 месяц мурун

Президенттин экс-кеңешчиси Жаныбек Кубандыков үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды.  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын жарандары К.Ж.А. жана А.К.Т. кармалган.

Кармалган эки жарандын биринин кыскартылган аты-жөнү президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков экени белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова жолдошу Жаныбек Кубандыковдун кармалышы боюнча билдирүү жасады.

-Мен бүгүн камакта жаткан өмүрлүк жолдошум Жаныбек Кубандыковко кирип, баарлашып чыктым. Эң негизгиси — ал сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып коюшкан деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону чет өлкөлүк жаран менен россиялык жаранды тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөө сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон. Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Россиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Ортодо тааныштырганы учун Жаныбек күйүп жатат. Иш адилет каралса Жаныбек чыгат, буюрса, -деп жазды Медина Кайрылбекова.

Сүрөттө: Жаныбек Кубандыков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты