Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунун кесепетинен жабыркагандар 198ге жетти    

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги 20-сентябры саат 15.00 карата саламаттык сактоо уюмдарына түшкөн жабырлануучулардын жалпы саны 198ти түзүп,  анын ичинен 26сы амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

1. Улуттук госпиталь – 75 жабырлануучу;

2.  Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3.  Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

4. Медициналык тез жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты