Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү 24 кабат үйдүн курулушундагы кооптуу жагдай боюнча эскертүү берилди
- 4 часа мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүнүн 282 “А” дарегинде жайгашкан 24 кабаттуу турак жай комплексиндеги кооптуу жагдай боюнча текшерүү жүргүзүлүп, эскертүү берилди.
Бул тууралуу курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1-ноябрда объектиде бетон куюучу насостун түтүгүнүн (помпанын) жарылуусунан улам, анын чачырандылары жанаша жайгашкан аймакка түшүп, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жараткан. Окуядан кийин курулуш компаниясы тарабынан зыяндын орду калыбына келтирилген.
“Центрально-Азиатская компания “Дуньян” ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүү берилди.
Сүрөт: Видеодон скриншот
Муну бөлүшүү




