Нарын шаарында юстиция министрлигинин имараты курулду
- 6 часов мурун
- Жаңылыктар
Нарын шаарында юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт.
Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Имараттын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилүү алдында турат.
Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 748 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Анда кызматкерлердин иш алып баруусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Сүрөт: Курулуш министрлиги
Муну бөлүшүү




