Президент агартуу министрлигинин ишин сындады

Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун тургундары менен жолугушууда Агартуу министрлигинин ишин сындады.

Анда Базар-Коргондогу мектептердин биринин мурдагы директорунун иши тууралуу маселе көтөрүлдү. Козголгон кылмыш ишине ылайык, мурдагы директор жолдошун жумушка алып, иштебеген адамдарга айлык акы чыгарууга айыпталган.

Президент эгер Агартуу министрлиги санариптештирүү ишин жакшы өздөштүргөндө мындай фактылар болбостугун айтты.

«Силер санариптештирүүдөн нөл экенсиңер. Илгерки кагаз боюнча жүрөт экенсиңер, ал тургай кайсы мектеп, кайсы районго канча китеп кеткенин билбейт экенсиңер. Азыр министр иш сапарда жүрөт, кечээки республикалык жыйында катуу сөгүш берейин дедим эле. Эгер санарипке өткөндө баарын көрүп турат элеңер. Нарынга 15 миң китеп деп берип жиберипсиңер, беш миңи таратылып, 10 миңи кампада турат. Аны министрликтегилер билбейсиңер. Министрге айтып барыңыз»деди президент.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты