Ашууларга кар жаады
- 3 часа мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 29-октябрда, таңга маал Бишкек – Ош автожолунун 125–139-чакырымдар аралыгында кар жаады. Ал жакта жолду тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго кум-туз аралашмасын себүү иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунун Талдык жана Тонмурун ашууларында кар жаап жатат.
Ал жактарда да жолду тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган ашууларда жол ачык, унаалардын каттамы камсыздалган.
Тоолуу аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдор тайгак болушу мүмкүндүгү эскертилди. Узак сапарга чыгар алдында унааңыздын техникалык абалын текшерип, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу зарыл. Жолдо ылдамдыкты, аралыкты туура сактаңыздар.
Сүрөт: Транспорт министрлиги




