Өтмөк ашуусунда жана Төө-Ашууда кар жаады. Жол тазаланууда  

Бүгүн, 24-ноябрда, Өтмөк жана Төө-Ашуу ашууларында аба ырайы бүркөк болуп, кар жаап жатат.  Учурда автомобиль жолунда каттам ачык.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан жолго кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Ал эми Бишкек–Торугарт автомобиль жолундагы Долон ашуусунда аба ырайы ачык. Жол таза, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, унаалардын ортосундагы аралыкты кармоого жана кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүгө чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Транспорт министрлиги

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты