Тажикстан минометтон ок чыгарды
- 2 года мурун
Тажикстан кайрадан макулдашууну бузуп, саат 8:50дөн 8:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык тилкесине минометтон ок чыгарды.
Аткылоо саат 8:55те токтогон.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрда саат 8:00 гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон, турукташуу тенденциясы бар экенин, чек ара аймагында түн тынч өткөнүн кабарлаган.
Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн кабарлады.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-сентябрь, аат 21:00гө карата жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланганган.