Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов «принципиалдуу чечимдер» кабыл алынганын айтты

  • 5 месяцев мурун

1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту. Андан соң алардын биргелешкен кайрылуусун тажикстандык маалымат каражаттары жарыялады.

Анда Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алышканын айткан.

«Биз жаңы кабыл алган чечимдер бизди мамлекеттердин чек ара боюнча негизги маселелеринин чечилишине жакындатат деп ойлойм. Кийинки жолугушуу Баткенде өтөт. Ал жакта да чечимдер кабыл алынат, жумушчу топторубуз тынымсыз иштешет. Ошондуктан мен жалпы чечимге жакындадык деп ойлойм» деди Ташиев.

Ятимов да тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келгенин белгилеп, Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгенин айткан. Экинчи маселе эки мамлекеттин бири-биринин аймагындагы объектилер боюнча экенин кошумчалаган.

«Кыргызстанга Тажикстандын аймагында жайгашкан объектилерин пайдаланууга уруксат берилет, бирок жер Тажикстандыкы бойдон калат. Ушундай эле принцип Тажикстан үчүн анын Кыргызстандын аймагындагы объектилерине да тиешелүү болот» деди Ятимов.

Ятимов да тараптар чек араны аныктоо боюнча негизги маселени чечүүгө жакындашканын ырастап, калган талаштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр уланарын кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү бул сүйлөшүүнүн жүрүшү тууралуу учкай гана маалымат берди.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор акыркы жолу 11-17-ноябрда Баткен шаарында жолуккан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин анын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты