Кыргыз-тажик чек ара маселеси: Өкмөттүк делегациялардын жыйыны тууралуу расмий маалымат

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны тууралуу Министрлер кабинети расмий маалымат таратты.

Маалыматта мындай деп айтылат:

-2-октябрда Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстан Республикасын — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча  олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти. 

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара облустары менен эки мамлекеттин райондорунун ортосундагы кызматташуу боюнча активдүү иштерди улантуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү,- деп айтылат расмий маалыматта.

Жолугушуу тууралуу ушундай мазмундагы маалыматты Тажикстандын тышкы иштер министрлиги сайтында жазды.  

“Жолугушуу учурунда кыргыз-тажик мамлеккеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кенен пикир алышуу болду. Тажик Республикасынын делегация башчысы С.С. Ятимов жана Кыргыз Республикасынын делегация башчысы К,К.Ташиев толук түшүнүшүү менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларында долбоор тилкелеринин өтүшүн мындан ары да активдештирүү керек экенин билдирип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмалар берилди” деп жазылат тажик ТИМ билдирүүсүндө.

Тажик ТИМинин маалыматында топографиялык топ жана жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантары белгиленди.

Биргелешкен жыйындан кийин кезектеги протоколго кол коюлгандыгы айтылды.

Буга чейин социалдык тармактарда кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаш маселе чечилип, тарыхый протоколго кол коюлганын президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов Фейсбук баракчасында билдирген. “Мына ошол оор сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы – кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаштын баарына чекит койгон протокол болду. Ага бүгүн Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов көл коюшту. Бул – чыныгы тарыхый протокол. Анткени, тажик тарап отуз жылдан бери койгон дооматтарынан бүт баш тартты жана анын баары протоколго түшүрүлдү. Мындан тажик тарап дагы зыян тарткан жок, себеби, чыныгы, реалдуу чек араларга кайттык» деп жазган Анаркулов.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болуп, ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы..

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты