Баткен облусу боюнча 136 миңден ашык адам эвакуацияланды

Саат 21:00гө карата жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды.

16-сентябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу кагылышуусунан улам жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, тургундарды эвакуациялоо башталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат.

Алдын ала маалымат боюнча саат 21:00гө карата жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды. Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары.

Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 2800гө жакын жаран Дароот-Коргон жана Кашка-Суу айылдарына эвакуацияланган.

Баткен облусунда эвакуацияланган жарандарга тамак-аш, гигиеналык каражаттар топтому жана жууркан-төшөктөр Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеткирилүүдө. Учурда Бишкек шаарында 5 жерде жана Ош шаарынын мэриясында пункттар ачылып, гуманитардык жардам кабыл алуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Баткен облусуна күйүчү май, ун, шекер, суу май бөлүнүп берилди.

Ал эми БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 400 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдашты. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери, Кызыл-Ай коому, Чек арасыз дарыгерлер коомдору жарандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабырлануучулардын саны 59га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Бул тууралуу Sputnik.kg кыздын атасы Малик Маннановдун айткандарын жазып чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты