Кыргыз-тажик чек арасы: Дагы 47,05 чакырымы макулдашылды

  • 5 месяцев мурун

8-декабрдан 14-декабрга чейин топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.    

Бул тууралуу Министрер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты. 

Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт.   

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.  

Сүрөт: Кол коюу учуру. МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты