Чек ара кызматы: Түн тынч өттү. Кырдаал курч бойдон

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрда саат 8:00 гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон, турукташуу тенденциясы бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, чек ара аймагында түн тынч өттү.

УКМКнын Чек ара кызматынын жоокерлери Баткен облусунда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.  

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-сентябрь, аат 21:00гө карата жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланганган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты