Саламаттык сактоо министрлиги: Чек ара кагылышында кеминде 24 киши каза тапты

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жарат алгандар, мерт болгондор тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болду. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн билдирген эле.

Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирген.

Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан жок.

“Жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Азыр канча жоготуу болгонун тактап жатабыз. Тилекке каршы, жоготуулар жана жаракат алгандар көп. Ал эми жай тургундар арасында жоготуулар аз болду. Андан сырткары бир нече айылды басып алганга аракет кылышты. Эки тараптан тең көптөгөн үйлөр өрттөндү. Азыр айылдардагы маселени чечип жатабыз. Азыр эки айылыбыз калды”, — деди Ташиев.

Чек ара кызматынын маалыматында, тажик аскерлери саат 22:20да «Тамдык» чек ара бекетин аткылаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын маалымдады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-сентябрь, аат 21:00гө карата жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланганын билдирген. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты