Кыргыз-тажик чек арасы: Топографиялык жумушчу топтор 13,98 чакырым боюнча макулдашты

  • 7 месяцев мурун

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

12-октябрдан 18-октябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты