Кыргыз-тажик чек арасы: Жумушчу топ 43,32 чакырымды макулдашты

  • 7 месяцев мурун

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымды макулдашшты. Жолугушуунун соңунда Протоколго кол коюлду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 8-октябрда билдирди.    

Маалыматта айтылгандай, жетишилген келишимге ылайык, 3-8-октябрда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун жана өкмөттүк делегацияларынын укук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду.  

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын 43, 32 чакырым жерин макулдашышты.  Жолугушуунун соңунда Протоколго кол коюлду.

Тараптар калган жерлер боюнча макулдашуу иштерин Тажикстандагы жолугушууда улантла тургандыгы белгиленди.  

2-октябрда Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстан Республикасын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин уланта турганы белгиленген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болуп, ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Сүрөт: МинКаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты