Кыргызстан-Тажикстан: Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимге кол коюлду

  • 5 дней мурун

Бүгүн, 13-мартта, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. 

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүүгө, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту. 

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду: 

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу; 

— автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу; 

— Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Тажикстан айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; 

— Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы ветеринардык кызмат менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу азык-түлүк коопсуздук комитетинин ортосундагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Респулмкасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча комитетинин ортосундагы жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу, энергоэффективдүү жана жашыл технологияларды өнүктүрүү жана шаар куруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум; 

— Экономика жана коммерция министрлиги менен Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосунда өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум; 

— Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташуу программасы; 

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Тажикстан өкмөтүнө караштуу жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу программасы; 

— Бишкек шаары менен Душанбе шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу; 

— 2025-2027-жылдарга Ош облусунун Чоң-Алай району менен Тажикстандын Лахш районунун ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуунун программасы; 

-2025-2030-жылдарга Ош облусу менен Тажикстандын Бадахшан автономдуу облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий чөйрөдө кызматташуу программасы; 

— Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы менен Тажикстан бажы кызматынын ортосундагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ташылуучу товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалыматтар менен алмашууну уюштуруу тууралуу протокол; 

— Финансы министрлиги жана Тажикстан финансы министрлиги тарабынан терроризмди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөл жаатында кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө меморандум; 

— Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргызэкспорт» мамлекеттик мекемеси менен Тажикстандын экспорт боюнча агенттиктин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.  

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун даярдаганы маалымдалган.

27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишими жактырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты