Ташиев Баткенде эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтса болорун айтты

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кол салуудан улам убактылуу жер которгон Баткен жана Лейлек районунун тургундарын үйлөрүнө кайта берүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал 25-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушуудан кийин айтты.

«Үйүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү жокторго жергиликтүү бийлик, өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, машине издеп кыйналбаңыздар. Бүгүндөн баштап Кудай буюрса мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот» деди Ташиев.

Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары 25-сентябрда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө бекетинде жолукту. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы айрым чек ара постторун алып салуу, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүштү.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Сүрөт: Тажикстандын агрессиясынан кийинки Баткендеги абал. Медиа штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты