«Эсимде» платформасынын жыйынына келгендер хабдан эвакуацияланды
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 2-октябрда, Бишкекте Юнуалиев 80 дарегиндеги ololoPlanet хабында «Эсимде» платформасынын жыйынына келгендер имараттан эвакуацияланды.
Бул тууралуу 24 kg агенттиги билдирди.
Анын себеби бүгүнү саат 9:15те ал даректе жарылуучу зат коюлган деген маалымат түшкөн.
Учурда ал жакта ыкчам топ иш алып барууда.
Бул даректе “Эсимде” иликтөө платформасынын эл аралык конференциясы болмок. Конференция 2-4-октябрга пландалган. Анда 1980-1990-жылдардагы Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коомдук-саясий өзгөрүүлөргө арналган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




