Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, эки үй-бүлөдөгү 14 киши эвакуацияланды
- 1 день мурун
- Жаңылыктар
10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешип, эки үй-бүлөдөгү 14 киши эвакуацияланды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көчкү массасынын көлөмү 42 800 куб метрди түзөрү аныкталган.
Жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрди түзгөн. Жер көчкүнүн жылыш багытында эки турак үй, Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордон жана электр берүүчү мамылар жайгашкан. Жер көчкүнүн активдешүү себептери такталууда.
Коопсуздукту камсыздоо максатында Доңуз-Ой тилкесинде жашаган эки үй-бүлө (жалпы 11 адам) кооптуу аймактан эвакуацияланып, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жайгаштырылган.
Учурда тартылган күч каражаттардын жардамы менен Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланып өтүүчү жол салынууда.
Адистер тарабынан жер көчкүнүн абалын изилдөө иштери улантылууда.
Сүрөт: ӨКМ




