Түркияда МинКаб төрагасы ЖЭБдеги авария жана тик учак кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыктын абалы менен таанышты

Түркияда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жылуулук электр борборундагы ХЖЭБ) жарылуудан жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыктын абалы менен таанышты.

Бул тууралуу Медиа штаб-Телеграм каналында маалымат берилди.

Жабыркагандар учурда Адана шаарындагы илимий-изилдөө мамлекеттик ооруканасында дарыланууда.

Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулдугу жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүп, түрк ооруканасынын дарыгерлери менен байланышта болууда.

Учурда бейтаптарга операция жасалып, реанимацияда жатышат. Азыркы маалда алардын жанында жакын туугандары карап жатышат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

17-январда Бишкектин Достук кичи районуна жакын жерде “Фрунзе-1” авиабазасында «Ми-8» аскердик тик учагы кулаган. Маалыматта айтылгандай, окуу-машыгуу учурунда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон.

Тик учакта бардыгы болуп 11 адам болгон, бирөө каза таап, он адам жабыркады. Алардын экөө Түркияда дарыланууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты