Бишкек ЖЭБинде авария болуп, үч адам жаракат алды

  • 3 месяца мурун

Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2-февралга караган түнү авария болду. Энергетика министрлиги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, авария 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында катталган. Кырсыктан үч кызматкер жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Министрлик шаардын жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлгөнүн билдирди.

Ал эми электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты