Бишкек шаарында жылуулук 28-октябрдан тартып бериле баштайт
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
28-октябрдан тартып, борбор шаарда жылытуу мезгили башталат. Бул тууралуу Бишкек мэрисы билдирди.
“Мындай чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча божомолун, ошондой эле турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды” деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Белгиленген критерийлерге ылайык, тышкы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 °Cден жана андан төмөн болгон учурда жылытуу мезгили башталат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




