Бишкек ЖЭБде жана аскердик тик учак кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандык Түркияда дарыланууда

  • 3 месяца мурун

9-февралга карата Түркиянын Адана шаарында мамлекеттик илимий ооруканасында Бишкек ЖЭБдеги авария жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыкты дарылоо уланууда.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулдугу жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүп, түрк ооруканасынын дарыгерлери менен байланышта болууда.

Учурда бейтаптарга операция жасалып, реанимацияда жатышат. Азыркы маалда алардын жанында жакын туугандары карап жатышат.

Аталган маселе Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көзөмөлүндө болууда.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты